Telegram Group Search
ӨЗГӨН ШААРЫНЫН ЗУЛПУКАР ОРМОНОВ АТЫНДАГЫ СПОРТ КОМПЛЕКСИ САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 23-август күнү Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов спорт комплекси салтанаттуу ачылды. Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын 18-турунун алкагындагы «Өзгөн» (Өзгөн ш.) - «ОшМУ» (Ош ш.) футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.

Салтанатка Кыргыз футбол биримдигин Президенти Камчыбек Ташиев катышты. Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.

«Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга жана кесипкөй командаларга өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандын бардык аймактарында жаштар ойной турган, кесипкөй командалар даярдана турган шарттарды түзүү жана жакшыртуу — биздин негизги максатыбыз. Бул жаңы комплекс дал ушул максаттарга кызмат кылат» - деп белгиледи өз сөзүндө КФБ Президенти.

Ачылыш азем жана беттеш 5 миңге жакын көрүүчүнү топтоду.

Маалымат үчүн:

Азыркы заманбап стадиондун аймагында буга чейин орун алган стадион 1968-жылы Өзгөн совхозу тарабынан курулуп, эскиликке жеткен. Стадиондун реконструкциясы жана ага караштуу аймакты жакшыртуу боюнча иштер 2024-жылдын 1-июлунда башталган.
Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө орун алган стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 3,36 га гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун трибуналары 2 240 көрүүчүгө ылайыкталган.

Стадиондо кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нече функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн жана VAR-системасы үчүн
бөлмөлөр орун алды.

Стадиондун негизги оюн талаасы табигый көк майсаң чөптүү болуп, аны чуркоо аянтчасы курчап турат. Ал эми стадиондун өзү жана анын карамагындагы аянтчалар, жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түздү.

Аталган стадион Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасында Өзгөн шаарынын атынан ойногон «Өзгөн» футболдук клубунун үй аренасы болот.

Бул стадион аймак тургундарына, өзгөчө жаш муунга дени сак жашоо образын калыптандырууга зор мүмкүнчүлүк түзүп, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырат.

Ошондой эле ал өлкө чемпионаты менен бирге республикалык деңгээлдеги ири футболдук мелдештерди жогорку деңгээлде кабыл алууга ылайыкташтырылды.

#kfu_kgz
2025/08/23 20:27:32
Back to Top
HTML Embed Code: