group-telegram.com/bayraktarkgz/2612
Last Update:
Азербайжандын журт башчысы Илхам Алиев:
Азербайжан менен достук мамиледе болгон өлкө катары, өз күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурап, коомчулукка ачык жарыялоо — бул жасалышы зарыл болгон кадамдар эле. Тилекке каршы, алгачкы үч күндө биз Орусиядан акылга сыйбаган түшүндүрмөлөрдөн башка эч нерсе уккан жокпуз.
Азербайжан өзүнүн талаптарын Орусияга так жана ачык билдирди. 27-декабрда бул талаптар расмий түрдө орус тарапка жеткирилди. Биринчиден, Орусия Азербайжан алдында кечирим сурашы керек. Экинчиден, өз күнөөсүн моюнуна алышы керек. Үчүнчүдөн, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылып, кылмыш иши козголушу керек, ошондой эле жабыркаган жүргүнчүлөргө, экипаждын мүчөлөрүнө жана Азербайжан мамлекетине компенсация төлөнүшү керек. Бул биздин талаптарыбыз. Кечээ алардын биринчиси аткарылды. Калгандары да аткарылат деп ишенем. Бул талаптардын баары адилеттүү. Бул жерде ашыкча талап жок. Алар эл аралык тажрыйбага жана адамдык жүрүм-турум эрежелерине дал келет.
BY BAYRAKTAR
Warning: Undefined variable $i in /var/www/group-telegram/post.php on line 260
Share with your friend now:
group-telegram.com/bayraktarkgz/2612